
Бүгүн, 5-сентябрда Бишкек шаарына Европадан келген туристтерди «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин кызматкерлери жана уюштуруучулар Бишкек-2 бекетинен тосуп алышты. Келген коноктор кереметтүү Ысык-Көлгө барып, тарыхый-маданий мурастары менен таанышып келишти. Бул тууралуу аталган мекеменин Басма сөз кызматы Sokol.media сайтына билдирди.
Маалыматка ылайык, «Кыргыз темир жолу» туристтердин каалоосун эске алуу менен турпоездге ишкананын «Люкс» вагонун чиркеп, Балыкчы шаарына чейин барып келүүгө шарт түзүп берди.
Эске салсак, жалпысынан Европадан 80ге жакын туристтер келишти. Кыргызстанга бул турпоезд 3-жолу келип жатат. Бүгүн алар Бишкек шаарын кыдырып, андан соң «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына барышат.