Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Кыргызстанга Тажикстандын президенти келди

Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Эмомали Рахмонду Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Тажикстандын президенти Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.

13 Октябрь 2023 жыл 8:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча