Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Кыргызстандын расмий делегациясын ташыйт. Кыргызстан жаңы учак сатып алды

12 / 100

Кыргызстан сатып алган жаңы учак бүгүн “Манас” эл аралык аэропортуна келип конду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Airbus 320 үлгүсүндөгү учак эми .

«Мамлекетибиз буга чейин кыргыз армиясына, өзгөчө кырдаалдар тармагына, жол куруу, кен казуу, жүргүнчүлөрдү тейлөөгө жана ар кандай багыттагы атайын техникаларды сатып алган. Учурда аймактарда аэропорттор курулуп жатат, алды кызмат көрсөтүүгө даяр. Өткөн жылы эки 80 орундуу жана 9 орундуу самолет сатып алынды. Алар өлкө аймагында жүргүнчүлөрдү арзан каттам менен камсыздайт. Ушул жылы дагы бир учак алынат», — деди Орунбеков.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын жогорку жетекчилери жана расмий делегациялар үчүн жаңы учак сатып алуу каралып жаткандыгы айтылган.

28 Март 2024 жыл 13:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча