Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат кызматтан бошотулду

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Самат Гүлнара-Клара кызматтан бошотулду. Бул боюнча буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Элчинин отставкасынын себеби айтылбайт.

Ал 2021-жылы Москвадагы өкүлчүлүктү жетектөөгө жөнөтүлгөн. Ага чейин Самат Гүлнара-Клара БШКны башкарып, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты болгон.

Боршайкомдун төрайымы болуп иштеген жылдары ал кездеги президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин каарына калып, иштен айдалып, бир нече жыл куугуктукталганы кабарланган.

27 Май 2024 жыл 15:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча