Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарынын чейрек финалына чыкты

Бүгүн Амантур Исмаилов 67 килограмм салмак ченинде 1/8 финалда беттештерин баштады. Анда ал грузиялык Рамаз Зоидзе менен күч сынашып, 12:1 эсебинде утушка ээ болду.
Эми Амантур Исмаилов чейрек финалда Парвиз Насибов (Украина) – Мате Немеш (Сербия) беттешинде жеңген спортчу менен күрөшөт

7 Август 2024 жыл 14:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча