Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Кыргызстанды жаратылыш газ менен камсыз кылуу боюнча узак мөөнөттүү келишимдерге кол коюлду

 2024-жылдын 7-июнунда “Санкт-Петербург эл аралык экономикалык” форумунун алкагында “Газпром” ачык акционердик коомунун төрагасы Алексей Миллер менен Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушуунун алкагында Кыргызстандын калкын газ менен камсыз кылуу жаатында кызматташуу маселелери талкууланды. 

Тараптардын сүйлөшүүсүнөн кийин Кыргызстандын калкын жаратылыш газ менен камсыз кылуу боюнча узак мөөнөттүү келишимдерге кол коюлду. 

1. «Газпром Экспорт» жоопкерчилиги чектелген коом менен «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда Кыргызстандын калкын жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча узак мөөнөттүү келишимге кол коюлду. Жаңы келишимдер боюнча жеткирүү 2025–2040-жылдарга чейин ишке ашырылат.

2.Ошондой эле «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коом менен «Электр станциялары» ачык акционердик коому жана «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы ортосунда калкты жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча узак мөөнөттүү келишимдер түзүлдү.

Энергетика министри Т.Ибраев “Газпром” ачык акционердик коомунун төрагасы Алексей Миллерге Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын отун-энергетика тармагындагы кызматташтыгына кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

🔹Эскерте кетсек, 5-8-июнда “Экспофорум” конгресс-көргөзмө борборунда “Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму-2024” өтүп жата

10 Июнь 2024 жыл 7:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча