Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
cmp avatar 3756

Кыргызстандан Россияга жогорку сапаттагы айыл чарба продукциясы экспорттолот

10 / 100

Бүгүн, 10-июлда Красноярск шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргыз-Орус өкмөттөр аралык комиссиянын 25-отурумунун жана 11чи Региондор аралык конференциянын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы, анын ичинде айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Алар:

«КыргызЦентрПродукт» ЖЧК жана «Белое дерево” компаниясы ортосунда 50 млн. сомго тоңдурулган мөмө-жемиштерди, жер-жемиштерди жеткирүү келишими;

«КыргызЦентрПродукт» ЖЧК жана «ТрансСибЛизинг» ЖЧК ортосунда 50 млн. сомго тоңдурулган мөмө-жемиштерди, жер-жемиштерди жеткирүү келишими;

«Рим» ЖЧК менен «Вилби» ЖЧК ортосунда деңиз азыктарын жеткирүү келишими;

Борбордук Сибирь Соода-өнөр жай палатасы менен Баткен облусунун Лейлек районунун ортосунда 3 миң тоннадан ашык пияз жеткирүү келишими;

Бул келишимдер Кыргызстандан Россияга жогорку сапаттагы продукцияны үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздайт, бул соода-экономикалык байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого өбөлгө түзөт.

10 Июль 2024 жыл 12:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча