Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Кыргызстанда тоютту экспорттоого тыюу салынды

Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) жарым жылга тыюу салынды. Аталган чечимдин реэкспортко, транзитке, ошондой эле КР министрлер кабинети көрсөткөн гуманитардык жардамдарына тиешеси жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандан ЕАЭБдин бажы аймагынын чегинен тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салынган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмеси: тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту), арпа, күрүч, сулуу.

5 Сентябрь 2023 жыл 12:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча