Кыргызстанда террордук актыларды жасоону көздөп жүрүшкөн. Бишкекте издөөдө жүргөн жаран кармалды
УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө террористтик жана сепаратисттик багыттагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 1984-жылы туулган А.И.И. аттуу КР жараны аныкталып, кармалды.
Тактап айтканда, А.И.И. жана анын шериктери 2010-жылдагы окуядан кийин Ош облусунун тургундарынын арасынан Кыргыз Республикасынын аймагында террордук актыларды жасоону көздөп, бул үчүн ок атуучу куралдарды жана жардыргыч заттарды сатып алышкан.
2011-жылы курал-жарак жана жардыргыч заттар көмүлгөн жай табылгандан кийин, А.И.И.нин эки шериги кармалып, ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылган, ал эми кылмыштуу топтун төрт мүчөсү, анын ичинен кармалган жаран качып кетүүгө үлгүргөн.
Кийинчерээк эки адам Сирияга ЭТУ тарабынан согуштук аракеттерге катышуу үчүн кетүүгө үлгүрүп, аскердик кагылышуу учурунда жок кылынганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
КР УКМК террористтик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.
4 Июнь 2024 жыл 8:29