Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
Без названия 3

Кыргызстанда пенсиянын орточо өлчөмү 9миң сомго жетти

9 / 100

Социалдык фонд ушул жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандагы пенсиянын орточо өлчөмүн атады.
Мекеме башчысы Бактияр Алиевдин айтымында, төлөмдөрдүн орточо суммасы 9 миң 63 сомду түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 миң 364 сомго көп.
Алиев кошумчалагандай, өлкөдө жалпысынан 780 миңден ашуун пенсионер бар. Ушул жылдын 6 айында пенсиялык фонддун чыгашасы 46 миллиард сомдон ашты.

2 Август 2024 жыл 14:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча