Бул жылы өлкөдө электр жылыткычтарын колдонууга тыюу салуу пландалууда. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, кышында электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет. Атайын өчүрүүлөр болбойт. Бирок электр энергияны сарптоо зарыл.
«Электр энергия башка тиричилик буюмдары үчүн жетиштүү болот. Бирок электр жылыткычтарына кубаттуулук жетпей калышы мүмкүн», — деди Байгазиев.