Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Кыргызстанда быйыл суу кырсыгынан 69 адам каза болду

ӨКМдин берген акыркы маалыматтарыга таянсак, быйыл суу кырсыгынан 69адам каза болду. Сууга чөккөндөрдүн катарында эркек, аял, өспүрүмдөр ал тургай, наристелер да бар.

Өткөн жылга салыштырмалуу бул сан 23%га өскөн. Тактап айтканда, Быйылкы жылдын 21-июлуна карата көлгө, дарыяларга, кичи көлмөлөргө, агын сууларга чөгүп каза болгондордун саны жогору.

Бул сан эс алуу учурунда ар бир адам суу коопсуздук эрежелерин так сактоого, балдарын көзөмөлдөөгө чакырык таштайт.

21 Июль 2023 жыл 15:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча