Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында: «Саламаттыкты сактоо тармагы мамлекеттик колдоого ээ болуп жатат, трансплантология жаатында олуттуу жетишкендиктер байкалууда. 2024-жылдын 1-февралынан баштап бөйрөктү акысыз алмаштыруу башталды. Учурда 155тен ашык бейтап кезекте турат, алардын ону операцияны пландаштыруу стадиясында.
Быйыл июнь айында өлкө тарыхында биринчи жолу Кыргызстандык дарыгерлердин күчү менен боорду алмаштыруу боюнча эки операция жасалды.
Биздин жарандар буга чейин мындай операциялар үчүн чет өлкөлөгө барышчу. Бир операция 50 $ 155 миң $ чейин турат.Азыр бул иш биздин дарыгерлер тарабынан жүзөгө ашырылат. Операция президенттик фонддон төлөнөт», — деди министр.