
Мындай пландары менен «Кыргыз анимация» мекемесинин директору Нур Сарыгулова Sputnik радиосуна бөлүштү.
Ал буга чейин Кыргызстан жөнүндө кыска метраждуу “Сүйүү” проморолиги даярдалганын маалымдады. Максаты — өлкөнүн ажайып жаратылышын сүйүшкөн жаштар аркылуу көрсөтүү.
Бул жылы “Сыйкырдуу аппарат”, “Түлкү менен кумурска”, ошондой эле шахмат же жаныбарлардын аталыштары сыяктуу аң-сезимди өстүрүүчү мультфильмдерди чыгаруу пландалууда. Баары кыргыз тилинде даярдалат.
«Кыргыз анимация» мамлекеттик мекеме болуп былтыр түзүлгөн.
Булак: Спутник