Өлкө башчы Садыр Жапаров «Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш 26-июнда тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык, өлкөдө жыл сайын 15-март Аталар күнү катары белгиленет, бирок дем алыш күн болуп саналбайт.
Ал эми Энелер күнү мурдагыдай эле майдын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.