Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Азия оюндарында финалда алтын медалга татыды. Ал финалда өзбекстандык спортчу менен беттешип, жеңишке жетти.
Ал финалда 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.
Бул Кыргызстан үчүн Кытайдагы Азия оюндарында алган биринчи алтын медаль болду.