Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Кыргыз-казак чек арасында жайылып жүргөн 300 жылкы жана 95 бодо малдын ээлери айып пул төлөштү

2023-жылдын 14-сентябрында кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде Түп районунун Каркыра жергесинен чек арачылар жылкылардын жана бодо малдын үйүрү кыргыз-казак чек ара сызыгына жакын аймакта жайылып жүргөндүгүн аныкташкан.

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы маалымдагандай, кароосуз калган 300 баш жылкы жана 95 ири мүйүздүү мал чек ара сызыгына жакын аймакта жайылып жүргөн.

«КР УКМК ЧК Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары малдын ээлерин аныктоо үчүн иш-чараларды жүргүзүшүп, мал ээлери чек ара режимин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылышкан. КР “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 429-беренесинин 1-пунктуна ылайык чек ара режимин бузгандар айып пул төлөштү»,деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, 14-17-сентябрь мезгил аралыгында чек арачылар Түп районунун акими жана башка өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте Ысык-Көл облусунун чек арага канатташ аймагындагы тургундар арасында чек ара сферасындагы улуттук мыйзамдын беренелерин түшүндүрүү боюнча жыйын өткөрүшкөн.

Бодо мал жана майда жандыктар мамлекеттик чек арага жакын жерде кароосуз жайылып жүрүп, чек арадан өтүп кетсе аларды кайрып келүү үчүн өз алдынча мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандар кылмыш ишине чейин жеткен жоопкерчиликке тартылышаарын Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы кабарлайт.

Ошондой эле мамлекеттик чек арада ар кандай түрдөгү маселелер жаралган жагдай түзүлсө аларды улуттук мыйзам чегинде чечүү үчүн жарандар КР УКМК ЧК жакынкы тарамдарына кайрылышы керектигин эскертет.

19 Сентябрь 2023 жыл 9:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча