Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Татарстан Республикасына (Казань шаары) жөнөп кетти.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаев. Эскерте кетсек, алдыдагы саммиттин жүрүшүндө көп тараптуулукту бекемдөөгө, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.