«Крокустагы» терактыда элди сыртка чыгарууга дагы бир кыргыз бала жардам берген
Ал 17 жаштагы Белек Каныбеков. Белек Россиянын жараны. Ата-энеси менен 15 жылдан бери Москвада жашайт. Учурда колледждердин биринде билим алат. Сабактан кийин «Крокус сити холлдо» гардеробдо иштечү. Ошол күнү нөөмөткө чыккан. Мекендеш Sputnik агенттигинин кабарчысына окуя кандай болгонун, элге кандай жардам бергенин айтып берди.
«Ок атуу 20:00гө чукул башталды. Гардероб биринчи кабаттын астында (-1-кабат) жайгашкан. Ок атуу болсо 1-этаждан угулду. Эл эмне кыларын билбей, ар кайсы жакка чуркап, башаламандык башталды. Гардеробго чогулгандарга кызматтык эшикке баруусун айтып, бардыгын коштоп бардым. Баарын чыгаргандан кийин, гардеробдо киши калбай калганда гана өзүм чыктым», — деген ал.
Белек окуя күнү нес абалда болуп ооруканага кайрылган эмес. Апасынын айтымында, уулу теракт болгон түнү уктай албай кыйналгандыктан дарыгерлерге эртеси алып барышкан. Учурда ал Красногорск шаардык ооруканасында.
Булак: Спутник кж