Кыргызстанда гепатит менен ВИЧтин 90%ы талаптарга жооп бербеген жеке косметология жана стоматология клиникаларынан жугат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри билдирди.
Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдө гепатит менен жабыркаган 17 миң адам болсо, СПИД менен ооругандардын саны 13 миңге жетерин айтты. Ошондой эле министрлик учурда жеке стоматология жана косметологиялык клиникаларды текшерүүнү токтоткону маалым болду.
“Лицензиясы жок 2080 стоматология жана косметология клиникаларын аныктап, документтерди укук коргоо органдарына өткөрдүк. Бирок алар бизге мындан ары пландык текшерүү жүргүзүүгө тыюу салып коюшту. Мындан улам биз министрлер кабинетине лицензиясы жокторго айып пулду жогорулатуу, текшерүү боюнча сунуш киргизип, кат жолдодук. Ал колдоого алынса, текшерүүлөр кайрадан жанданат”, — деди министр.
Бейшеналиев жеке тиш дарыгерге барган учурда клиниканын лицензиясы, адистин билимин тастыктаган дипломдун бар-жогун текшерүү зарылдыгын эскертти.
Булак: Спутник кж