Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Кошуласызбы? Эрулан Кокулов электрондук тамекиге тыюу салыш керектигин айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов электрондук тамекиге тыюу салыш керектигин айтты.

«Мен Таласка, Кочкорго барып келдим. Ар бир бала колуна энергетик кармап жүрөт. Мен кечээ өз көзүм менен көрдүм. Балдар бурчка барып бир нерсе кылып жатышканынан жанына барсам электрондук тамеки тартып жатышыптыр. Энергетиктер боюнча кийинчерээк айтам, азыр электрондук тамеки тууралуу айтайын. Жогорку Кеңешке келгенибизге 1,5 жыл болду. Ким гана айткан жок? Биз балдары ойлойбузбу? Аны жаап койгонго эмне каршы болуп жатат? Каалообуз болсо, аларды өлкөгө киргизбей койсок болот экен го. Эмне үчүн кайдыгербиз. Бишкек 153 расмий түрдө электрондук тамеки саткан дүкөндөр бар экен. Мен ушуну 3-жолу айтып жатам. Биз муну жабалы. Биздин фракция мыйзам долбоорун даярдайт»,— деди ал.

4 Октябрь 2023 жыл 8:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча