Өлкөдө көзү ачыктардын, төлгөчүлөрдүн жана сыйкырчылардын кызматын жарнамалоого тыюу салууга карата мыйзам долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Демилгечи — 25 депутат. Документ кыргызстандыктардын аң-сезимин кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн манипуляциялоону болтурбоо максатында иштелип чыккан.