Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Кочкоров: Кошоматчылардын айынан аңга түшүп, элинен безген падышаларыбыз мекенине батпай чет элде отурат

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы жетекчиси Улукбек Кочкоров социалдык тармактагы баракчасына депутат Мадумаровдун кармалышы боюнча пикирин жазды.

«Эгерде бийлик башында болгонумда, мага, кылып жаткан ишиме, жүргүзүп жаткан саясатыма карата сын айткан Адахан Мадумаровдой кишилердин болушун каалар элем. Андайлардын айткан сыны туура жолдон адашпоомо, элдин акысына кирип кетпөөмө, акыреттеги сыноомдун жеңил болушуна чоң жардамы тиймек.  Ал эми, «сиз туура кылып жатасыз, акылдуусуз, кыйынсыз» деп ар бир кадамында мактаган кошоматчылар ансыз деле жетиштүү.

Мына ошол кошоматчылардын айынан аңга түшүп, элинен безген падышаларыбыз мекенине батпай чет элде отурат. Алардын өкүнүчү, арманы аттын башындай. Чындыкты айткан кишини жаман көргөнүнө, кошоматчылардын бал ширин сөзүнө моюп жүргөнүнө өкүнүп отурат. Бирок кеч. Кошоматчыларга эмне, алардын тагдырына боору оорумак беле, кайра эле жаңы падышага кошомат кыла берет. Аларга майлуу кызмат болсо, кара курсак тойсо болду. Падыша сын айткан кишиден эмес, кошоматчылардан коркушу керек»,— деди ал.

4 Сентябрь 2023 жыл 8:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча