
Киров суу сактагычынын долбоордук көлөмү 550,0 млн. м3.
Киров суу сактагычынан 2023-жылдын 21-апрелинде суу бериле баштаган. Суу сактагычтын көлөмү 445,6 млн. м3, суу Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кол коюлган суу бөлүштүрүү боюнча графикке жана протоколго ылайык берилген. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстан Казакстан алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарды.
2023-жылдын 22-августуна карата абал боюнча Киров суу сактагычынын көлөмү 14,5 млн.м3 түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 92,1 млн. м3 аз, бүгүнкү күндө суунун келиши 0,7 м3/сек, суу көбөйгөн жок, 2022-жылы суунун келиши секундасына 13,7 куб метрди түздү.