Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Кенен, ыңгайлуу! Бишкекте заманбап аялдама ачылды

Борбор калаада Ж.Абдрахманов  жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде заманбап аялдама комплексинин расмий ачылышы болду. Маалыматты Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага борбор калаанын мэринин орун басарлары  Максатбек Сазыкулов, Нурдан Орунтаев жана «Бакай Банктын» төрагасынын орун басары Марат Какеев катышты.

Эскерте кетсек, бул ысык мезгилде кондиционер, кышында жылытуу системасы бар жабык аялдама комплексинде  декоративдик коомдук транспорт каттамы, жарнак кутусу, маалымат LED экраны каралган, учурда  видеобайкоо камерасы, Wi-Fi  жана интерактивдүү сенсордук LCD мониторлору орнотулууда.

Долбоор “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан иштелип чыгып, “Бакай Банк” ААКнын демөөрчүлүгү менен ишке ашырылды, мындан тышкары “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жол тыгындарын азайтуу жана жарандардын ыңгайлуулугу үчүн аялдама комплексин жылдырып,  тротуар, жол бордюрлары орнотуп, асфальт төшөдү.

26 Сентябрь 2023 жыл 6:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча