УКМК тарабынан Талас облусунун аймагындагы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасында контрабандалык ишмердүүлүктү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш- чараларынын жүрүшүндө, Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына майда жандыктарды мыйзамсыз алып өтүү фактысы токтотулду.
2024 жылдын 4-июлунда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кайыңды айылынын чек ара тилкесиндеги “Көл-Жайлоо” тоолуу аймагында УКМК тарабынан Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына мыйзамсыз түрдө 432 баш майда жандыктарды ташуу учурунда, Талас районунун Нылды айылынын тургундары, КР жарандары Т.Р.Б., Т.Р.Б. жана Т.М.Б. кармалды. Учурда аталган факты боюнча КР УКМК иликтөө иштерин баштады.