22-декабрда кечинде Казакстанда автобус аялдаманын жанында турган топ адамдарды жана 4 унааны сүзгөндүгү тууралуу orda.kz порталы жазган.
Маалыматка караганда кырсыктын кесепетинен үч адам каза болуп, төртөө жаракат алган.
Чыр-чатактын жүрүшүндө автобустун жүргүнчүсү айдоочу аялды чаап жиберген. Айдоочу эсин жоготуп, автобусту башкара албай калган. Жаңжал акчанын туура эмес эсептелишинен улам чыкканы айтылууда.
Автобустун айдоочусун чаап жиберген адам кармалды. Ага бейбаштык жана эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келген транспортту коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бузуу беренелери менен кылмыш иши козголду. Бул үчүн ал эң көп дегенде 8 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Социалдык тармактарга айдоочуну муштап жиберген жүргүнчүнүн видеосу тарады.