
Түркстан облусунун акими Сырдарыя дарыясында 11 адамдын өлүмүнө алып келген кырсыктын чоо-жайын айтып берди. Бул тууралуу engrinews.kz басылмасы жазды.
Облустук акимчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 21-августта саат 18.00дөр чамасында тургундардан сууга чөгүп кеткендер тууралуу билдирүү түшкөн. Сууга келген 20 адамдын 11и сууга чөгүп каза болгон. (Беш бала жана алты чоң киши).
Сегиз адамдын сөөгү суудан чыгарылып, калгандарын издөө иштери уланууда. Окуя болгон жерге облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын алдында ыкчам штаб түзүлүп, Отырар районунун акимчилигинин, облустук өзгөчө кырдаалдар, токой чарба башкармалыгынын кызматкерлери жана ыктыярчылар жөнөтүлүп, алар дароо издөө иштерин башташты.
Эске салсак, 21-августка караган түнү Түркстан облусундагы Сырдарыя дарыясындагы көпүрөнүн жанында бир эле учурда 11 адам чөгүп каза болгону белгилүү болгон.