Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

КазакстанУлуттук гвардиясынын аскердик бөлүгүндө башына ок жеген жоокердин сөөгү табылды

Казакстандын Улуттук гвардиясына караштуу №6636 аскердик бөлүгүндө Темиртау шаарынан армияга чакырылган жоокердин сөөгү табылды.

Улуттук гвардиянын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө жоокер «куралы менен өзүн башына атып алганы» жазылган. Окуя 9-октябрга караган түнү саат 1:20ларда болгон.

Мекемеден бул боюнча кызматтык тергөө башталып, окуянын чоо-жайын аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.

Өткөн жылдын башынан бери Казакстанда Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жаткан ондон ашык жоокер каза болду.

10 Октябрь 2023 жыл 6:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча