Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

«Карысы бардын – ырысы бар»: ИИМдин Күзөт кызматында ардагерлерди куттукташты

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын ардагерлери Рыспек Токочбаев жана Вячеслав Веркеев кыргыз милициясынын өсүп өнүгүшүнө, мыйзамдуулуктун сакталышына, өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоодо кошкон салымдары үчүн сыйланышты.
ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага отставкадагы генерал-майор Шейшенбек Байзаков катышып, ИИМдин Күзөт кызматынын Борбордук аппаратынын кызматкерлери жана Күзөт кызматынын ардагерлери салтанаттуу куттукташып, юбилейлик мааракелери менен куттуктоо менен бирге сыйлыктарын жана белектерин тапшырышты.
Аталган иш-чарада Күзөт кызматынын ардагери Вячеслав Веркеев ИИМдин «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланды.
Күзөт кызматынын ардагери Рыспек Токочбаевге 70 жылдык юбилейине карата ИИМдин Ардак грамотасы, «Ата Мекенге кызмат» ордени жана «Насаатчы» медалы ыйгарылды.

15 Август 2023 жыл 14:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча