Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Караколдо учкучсуз учуучу аппараттар жана инновациялык технологиялар боюнча эксперттердин аймактык кеңешмесине болуп өттү

Каракол шаарында КР ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов учкучсуз учуучу аппараттар жана инновациялык технологиялар боюнча эксперттердин аймактык кеңешмесине катышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага, БУУ БКБнын Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү А.Миталл айым, БУУ БКБнын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин жетекчиси А.Селезнев, Казакстан Республикасынан, Өзбекстандан, Россиядан, Белоруссиядан келген делегациялар, улуттук мамлекеттик органдар жана Борбордук Азиядагы аймактык маалыматтык координациялык борборунун өкүлдөрү катышты.
Биринчи күнү, Инновациялык жабдуулардын технологияларынын көргөзмөсү жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кызмат техникалык жабдуулардын көргөзмө аземи болуп өттү.
Кызматтын башчысы Уланбек Султанов өс сөзүндө, «Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу тоолуу аймактарда жапайы кара куурайдын өсүшүнө ыкчам чара көрүү жана байкоо жүргүзүүгө жана тийиштүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет» — деп белгиледи.
Андан ары, делегациялар жер-жерлерде учкучсуз учактарды жана инновациялык технологияларды практикалык колдонуу менен таанышышты.
Жолугушуунун алкагында Өзбекстан Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Баңгизаттарды контролдоо боюнча улуттук маалыматтык-аналитикалык борбордун директору Нарзуллаев Олим башында турган Өзбекстандын делегациясы менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

4 Сентябрь 2023 жыл 8:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча