Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Каракол шаарында унаа уурдап айдашкан балдар кармалды

2024-жылдын 8-июль күнү арыз менен Каракол шаарынын тургуну Ж.У.К кайрылган, себеби:
2024-жылдын 8-июль күнү саат 00:09 чамасында Каракол шаарындагы Гагарин көчөсүнүн алдынан кызыл түстөгү «хонда-фит» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адам айдап кеткендиги тууралуу билдирген.


Ыкчам издөө иш чаралардын негизинде изи сууй электе кылмышка шектүү Каракол шаарынын тургуну 2004-жылы туулган Мелисов К. К. жана 2002-жылы туулган Максатбек уулу С. Каракол ШИИБ боюнча ЖКККБнун улук тескөөчүсү, милициянын лейтенанты А. Эсенбаев жана милициянын прапорщиги А. Калиев тарабынан кармалып, Каракол ШИИБ терөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

8 Июль 2024 жыл 12:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча