Ош облусунун Кара-Суу районунда эркек киши аялы менен 13 жашар кызын сабап салды. Бул туурасында укук коргоочу Назгүл Турдукулова фейсбук баракчасына жазды.

Аные айтымында, 27-августта аял менен кыз оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылды.

«Бул үй-бүлөнүн улуу кызы жүрөк кемтиги менен жабыркайт. Андан тышкары кичинекей балдары да бар. Зомбулук күчөп жатат», — деп жазды ал.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан редакцияга окуя такталып жатканын, маалымат берилерин айтышты.

От admin