Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Коомчулукта сынга кабылган Каныбек Иманалиев кызматынан бошотулду

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Иманалиев Каныбек Капашович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Анын милдетин убактылуу Уланбек Усеков аткарат.

7 Сентябрь 2023 жыл 11:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча