Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Кантта мушташ чыгып, ок атылды

Кантта мушташ учурунда ок атылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-сентябрда милицияга аял кайрылып, ошол эле күнү саат 16:00 чамасында унаа жуучу жайда анын жолдошуна ок чыгарган жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголуп, 3 шектүү милицияга жеткирилген. Алардан Макаров пневматикалык тапанча алынган.

26 Сентябрь 2024 жыл 10:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча