
Жынысы, жашы, улуту жана диний ишенимине карабастан, бардык адамдар бирдей коркунучка туш болушат. Көпчүлүк учурларда адам сатуунун курмандыктары болуп жашоо деңгээли төмөн адамдар, жашы жете элек балдар же турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдар кабылып калышы мүмкүн.
Сиз коркунучта экениңизди көрсөткөн белгилер:
Төмөнкү мазмундагы кулактандырууларга өзгөчө этият болуңуз:
“Кыздар үчүн официант, бийчи катары иштөө жана башкалар. Кесиптик даярдык талап кылынбайт. Жол кире, камсыздандыруу, турак жай жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт”, “Жогорку маяна”, ошондой эле уюлдук телефон номуру гана көрсөтүлгөн жана компаниянын башка байланыш номерлери жана даректери көрсөтүлбөгөн жарнамаларга.
Эгерде сиз өзүңүз, жакын адамыңыз, тааныштарыңыз адам сатуунун курмандыгы болду деп шектенсеңиз, тез арада туугандарыңызга билдириңиз же милицияга кайрылыңыз!
Негизинен адам сатуунун курмандыктары милициянын ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, сырттан келген адамдардын жардамы менен же өз алдынча качууну уюштуруп, ишке ашыруунун натыйжасында кулчулуктан бошотулат.