Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү «Алтуха» үй камагына чыкты
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Алтуха лакап аты менен белгилүү мүчөсү Алтынбек Ибраимов үй камагына чыкты. Ал келтирилген зыяндын ордун толтурган. Бул маалыматты Бишкектин БиринчиМай райондук соту билдирди.Маалым болгондой, 4-октябрдаБиринчи Май районунун тергөө судьясы келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланыштуу Алтынбек Ибраимовго карата баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча
УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырды. Буга байланыштуу судья Ибраимовдун
баш коргоо чарасын 26-октябрга чейин үй камагына өзгөртүү чечимин чыгарды.