Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
MyCollages 45

Кайрымдуулук мекемесине жамынып. Таласта мыйзамсыз иштеген диний мекеме аныкталды

8 / 100

УКМК тарабынан диний-экстремисттик уюмдарга жана агымдарга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Талас облусунун Талас районундагы А.Огомбаев айылында «Маданият Борбору» кайрымдуулук мекемесинин филиалына жамынган, «медресе» диний окуу жайынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталды.
Тактап айтканда, жогоруда аталган медресе тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоодон өтпөстөн, диний окуу жайларга карата белгиленген нормаларды жана талаптарды бузуу менен иштеп келген. Аталган медреседе КР “Билим берүү жөнүндө” мыйзамын бузуу менен 12 жаштан 15 жашка чейинки балдар билим алышкан.
Ошондой эле, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалымат базасында «Маданият Борбору» мекемеси диний окууларды жүргүзүү укугуна ээ болгон тизмеге кирген эмес.
Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында аталган мекеменин ишмердүүлүгү токтотулду.

4 Июль 2024 жыл 12:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча