26-27-июль күндөрү Белоруссиянын Брест шаарында өрт өчүрүүчү куткаруучулардын арасында “Күчтүү өрт өчүрүүчү-куткаруучу” аталышындагы спорттук мелдеш өттү.
Аталган мелдешке Белоруссиядан, Россия Федерациясынан жана Кыргызстандан жалпы 11 команда катышты. Ал эми өлкөнүн намысын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 куткаруучусу коргошту.
Мелдеште катышуучулар реалдуу кырсык учурундагы куткаруу ишинде колдонулган көндүмдөрдү спорт талаасында сынашты.
4 кабаттуу мунарага 20 кг салмактагы суу жеңчесин көтөрүп чыгаруу, ошол эле бийиктиктен туруп, жерден арканга байланган 20 кг жүктү тартып чыгаруу андан кийин мунарадан түшүп, күч тренажеруна чейин чуркап, балка менен 72,5 кг салмактагы жүктү 1,5 м аралыкка жылдыруу. Андан соң белгилүү аралыкка чейин тоскоолдуктардан чуркап өтүп, суу жеңчеси менен өрттү көздөй суу чачып, 80 кг салмактагы жабырлануучуну (муляж) алып чыгуу (транспортировка) менен аяктады.
Соңунда 1-орунду Белорусь өлкөсү, 2-орунду Россия Федерациясы, 3-орунду Кыргызстан ээледи.
Спорттук иш-чара Белоруссия өлкөсүнүн 25-июль – Өрт куткаруу кызматынын түзүлгөн күнүнө жана Брест шаарынын немец баскынчыларынан бошотулган күнүнүн 80 жылдыгына карата уюштурулган.