
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы дем алыш күнү Ысык-Көлдө эс алып, Бишкекке чыккан жарандарга жол тыгынына себепкер болбогула деген кайрылуу жасады.
«ЖКККББнын кызматкерлери дем алыш күндөрү айрыкча Бишкек — Ысык-Көл жолдоруна күчөтүлгөн тартипте кошумча постторду орнотуу менен жол тыгындарын жөнгө салышат. Катуу ылдамдыкта, мас болуп каршы тилкеге чыгып айдагандарга катаал чаралар көрүлөт», — деп айтылган маалыматта.
Милиция жол тыгындарын талдап чыгып, төмөнкүлөрдү эске алууну сунуштаган:
Эс алуучулардын автоунааларынын шаарды көздөй агымы абдан көп болгондуктан, кечкиге калбастан, эртерээк жолго чыгыңыз. Болбосо жол тыгынына туруп калышыңыз мүмкүн;
Чырпыкты жана Балыкчы жолдорун оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан жана ал жолдор бир багыттуу, тар экендигин, Ысык-Көлгө баруучу трасса бирөө эле экендигин эске алыңыздар. Ылдамдыкты ашырбаңыз, каршы тилкеге чыкпаңыз, башкалардын да жолдо жүрүшүнө тоскоолдук жаратпаңыз;
Балыкчы шаарына кире бериштеги айланма жолдо башаламан соода-сатык жүргөн жерге соода кылуу максатында автоунааңызды токтотуп, башкаларга тоскоолдук жаратып. жол тыгындарына себепкер болбоңуз.