
Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйыны өттү. Ага катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Чолпон-Ата шаарына учуп келген.
Расмий иш-чаралар жана кеңири курамдагы жолугушуулар жана протоколго кол коюлгандан кийин, сыйлуу конок көлгө саякатка чыгарылып, маданий программа тартууланган.
Ошол күнкү окуялардын сүрөттөрү менен КР Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы бөлүштү.