Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо
(адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш материалдары
боюнча тергөө-оперативдүү иш – чараларды жүргүзүүнүн алкагында,
«Мыйзамдагы ууру» К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин
Казакстан Республикасынын ири бизнесмендеринин бири- Джуманбаев
Владимир Викторович тарабынан каржылоонун айрым фактылары
аныкталган.
Бирок, 2024-жылдын 19-июнунда В.Жуманбаев Кыргыз
Республикасынын аймагына келип, анын активдүү катышуусу менен тергөө
органдары тарабынан бир катар тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары
жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында В.Жуманбаевге мурда
коюлган айыптар, УКТнын ишмердүүлүгүн каржылоого тиешеси жоктугуна
байланыштуу алынып салынды жана сотко чейинки өндүрүш иши
токтотулду.