УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы
күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, 2024-жылдын
26-мартында Ош шаарынын аэропортунда маркум К.Асанбектин уюшкан
кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, “Таранчы” каймана аты менен белгилүү
Н.Н.К. кармалды.
Аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү физикалык зомбулук көрсөтөм
деп коркутуу менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагындагы тоо-
кен фирмаларынын жумушчуларына салык салуу аракетин көргөндүгү
аныкталды. Учурда Н.Н.К.га карата опузалоо фактысы боюнча тиешелүү ыкчам-
тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу
кармоочу жайына киргизилди.
КР УКМК аталган Н.Н.К.нын кылмыштуу иш-аракеттеринен жапа чегиши
мүмкүн болгон жарандарды УКМК нөөмөт кызматына кайрылуусун өтүнөт.