2024-жылдын 2-сентябрында КР Мамлекеттик чек арасынан өтүүгө аракет
кылып жаткан учурда КР УКМКнын «Ак-Жол унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү
жайында «Дженго» каймана аты менен белгилүү криминалдык авторитет
К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда киши
өлтүрүү менен соттолгон, 1992-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну
А.У.Ж кармалды.
Тактап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүнүн алкагында,
Жалал-Абад облусунда 2023-жылдын октябрь айында криминалдык кошуундарды
аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча масштабдуу иш-чаралардын
алкагында тинтүү-иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Бул иш-аракеттердин натыйжасында, А.У.Ж.нын жашаган жеринен жашыруун
алып жүрүү үчүн конструкциясы өзгөртүлгөн ок атуучу курал, ошондой эле ок-
дарылар табылып алынган. Ошол кезде А.У.Ж. укук коргоо органдарынан качып
кетүүгө үлгүргөн.
Азыркы учурда кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү КР Кылмыш-
процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарындагы
УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Ошол эле учурда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы
башкармалыгы А.У.Ж. жана уюшкан кылмыштуу топтордун башка мүчөлөрү
тарабынан жасалган кылмыштын мүмкүн болгон фактылары тууралуу: 0995 01-22-
10 телефону аркылуу билдирүүнү өтүнөт.