Тель-Авивде жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, бычак менен кол салуудан кеминде сегиз киши жаракат алды. Бул тууралуу The Jerusalem Post кабарлады.
Социалдык тармактардагы видеого караганда, унаа тротуарга чыгып кетип, бир нече жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Андан соң айдоочу унаадан чыгып, өтүп бара жаткандардын бирине бычак сайган. Бир жабырлануучунун абалы оор экени кабарланууда.
Абайлагыла, видеодо кол салуу жана киши өлтүрүү тартылган кадрлар бар.
Полиция кол салуулардын саны көбөйүшү мүмүн экенин божомолдоодо, ошондуктан Израилде коопсуздук чаралары күчөтүлөт.
Израил Иордан дарыясынын батыш жээгинде жайгашкан Женин калаасында дүйшөмбүдө операция баштаган. «Женин бригадасы» радикал түзүмүнө жана согушкерлерге каршы деп мүнөздөлгөн операцияда бир канча адамдын өмүрү кыйылып, ондогону жараат алды.