Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Издөө салынат! Бекболот Турдушев изделүүдө

 Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Булак айылындагы мектебинде билим алган 5-класстын окуучусу Бекболот Турдушев изделүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 26-сентябрь күнү шаардык ички иштер бөлүмүнө Түп районунун 1965-жылы туулган тургуну Ч.Ожеков кайрылып, 25-сентябрь күнү уулу Бекболот менен «Алтын-Көл» тойканасында болушканын, ошол эле күнү саат 15:00 чамасында уулу Каракол шаарындагы дос балдарына жолуугу үчүн суранып кетип, ошондон бери дайынсыз болуп жатканын кабарлаган.

Бул факт Каракол ШИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, издөө иштери уланууда.

Бекболот Турдушев 2021-жылы президент Садыр Жапаровго кайрылып, Түп районунун Балбай айылына мектеп, бала бакча куруп берүүнү суранып, кийин аны менен жолугушкан.

27 Сентябрь 2023 жыл 12:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча