Ирандын президентти Эбрахим Раиси каза болду. Бул тууралуу эл аралык медиа жазып чыкты.
Белгилей кетсек, өлкө башчысынын учагы кечээ Азербайжандан кайтып келе жатып, Верзеган аймагында кулаган.
Бүгүн куткаруу кызматтары учакты таап, бирок анын ичиндеги адамдардын баары көз жумганын кабарлады.
Президент менен бирге өлкөнүн тышкы иштер министри дагы набыт болду.