Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
48d132ad 8d2e 4501 b838 dde2e97382be

Индонезияда 45 жаштагы киши «Качан үйлөнөсүң?»-деп сураган кошунасын өлтүрүп салган

9 / 100

Индонезиянын полициясы 45 жаштагы кишини 60 жаштагы кошунасын өлтүргөн деген шек менен кармады. Кошунасы шектүүгө «45 жашка келдиң, качан үйлөнөсүң?» деген суроо бере бергенин The Straits Times жазды. 

Окуя 29-июлда Түндүк Суматрада жайгашкан Тапанули районунда болгон. Киши колдуу болгон Асгим Ирианто аттуу 60 жаштагы пенсионер. Асгимдин жубайынын билдирүүсүнө караганда, кол салган Парлингжин Сирегар алардын үйүнө кечки саат сегиздер чамасында жыгач менен келип, пенсионерге кол салган.

Пенсионер сыртка чуркап чыккан, бирок кол салган адам анын артынан чуркап барып, башына бир чапкан. Кошуналар жабырлануучуну ооруканага алып барышкан, бирок ал алган жаракатынан улам жолдо каза болгон.

Полиция кол салган адамды бир сааттын ичинде колго түшүргөн. Сурак учурунда ал полиция кызматкерлерине кошунасын атайылап өлтүргөнүн, анткени кошунасы анын эмне үчүн бойдок экенин көп жолу тамашалап сураганынан жабыркап келгенин айткан.

12 Август 2024 жыл 9:03
Көрүүлөрдүн саны:
Бейшемби
5 Бештин айы 2024

Тема боюнча