Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Индия ооруканасында өзбекстандык келин асынып өлдү

8 / 100

Индиянын батышындагы Газиабад шаарында Өзбекстандан келген 45 жаштагы бейтап 10-июнда жеке адистештирилген оорукананын чайынма бөлмөсүндө асынып өлгөн.

Бул тууралуу Нindustantimes басылмасы кабарлады.

Полиция басылмага аял клиникада күйөөсү менен болгонун билдирди.

«Экөө тең палатада болгон. Аял боор оорусу менен ооруканага жаткырылган. Шейшемби күнү түштөн кийин ал душка кирип, бир аздан кийин чыкпай калганда күйөөсү тынчсызданып, оорукананын кызматкерлерин чакырган. Алар эшиктин ичинен кулпуланып турганын көрүшкөн», — деген полициянын жардамчысы.

Оорукананын кызматкерлери эшикти ачканда, аял душта асылып турган жеринен табылган. Ал хижабы менен асынып алган. Сөөк экспертизага жөнөтүлүп, корутунду күтүлүүдө. Окуянын келип чыгуу себептери такталууда.

Полициянын айтымында, аял күйөөсү жана уулу менен Индияга 5-майда келген. 25-майда боорун алмаштыруу боюнча операция жасалган. Баласы ага боорунун бир бөлүгүн берип, 6-июнда мекенине кеткен.

Дарыгерлер аялдын саламаттыгы жакшырып, эки күндөн кийин ооруканадан чыкмак болгонун билдиришти.

13 Июнь 2024 жыл 11:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча