Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Иликтөөчү журналисттер Матраимов менен Абдукадырдын уул-кызынын үйлөнгөнүн аныкташты

OCCRP, Kloop, “Власть” жана Temirov LIVE басылмалары биргелешкен иликтөөсүндө Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун уулу менен Борбор Азияда жүз миллиондогон долларлык көмүскө карго империясын түзгөн Хабибула Абдукадырдын кызы баш кошконун таап чыкты.

Үйлөнүү үлпөтү 2021-жылдын ноябрында Бишкек шаарындагы Sheraton мейманканасында өткөнүн кезинде бир катар басылмалар кабарлаган. Айрым медиа күбөлөргө таянуу менен тойго келген коноктордун телефондорун алып коюшканын жана сүрөт-видеого тартууга тыюу салышканын жазган.

Төрт медианын иликтөөчү журналисттери социалдык түйүндөр аркылуу Алматыдагы кыз узатуудан тартылган видеолорду таап, Райымбек Матраимов менен Хабибула Абдукадыр күмөндүү бизнес жагынан эле эмес, куда-сөөк болгонун да аныкташты. Иликтөөчүлөр жарыялаган материалдарда тойдо Хабибула Абдукадыр, Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова жана Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы, парламенттин депутаты Искендер Матраимов жүргөнү көрүнөт.

“Азаттык” радиосунун, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) жана Kloop порталынын “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген үч-төрт жыл мурдагы иликтөөлөрүндө көпчүлүккө белгисиз Хабибула Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов көмүскө схеманы түзгөнү аныкталган.

Андан кийин “Азаттыктын” “Матраимовдор иши: Дубайдагы мүлк” деген иликтөөсүндө Райымбек Матраимовдун жубайынын Дубайда Абдукадырлар үй-бүлөсү менен инвестициялык бизнеси бар экени билинген.

2020-жылкы Октябрь окуяларынан кийин бийлик башына келген Садыр Жапаров эл алдында Райымбек Матраимов камаларын убада кылган. Кийин Матраимов кармалып, бажыда коррупциялык схема түзгөнүн сотто моюнга алып, мамлекетке 2 млрд сом төлөп бергенден кийин жазадан кутулган.

13 Сентябрь 2023 жыл 7:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча